Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

ЭВФ Украинага 5 миллиард доллар бөлүүгө макул болду


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) директорлор кеңеши Украинага 5 миллиард доллар бөлүүнү караштырган 18 айлык программаны жактырды. Ага ылайык, Киев фонддон 2 миллиард долларды дароо алат. Калган каражат алдыдагы 1,5 жылдын ичиндеги төрт текшерүүдөн кийин берилет.

Украин президенти Владимир Зеленский ЭВФ алдын-ала пландалгандан 200 миллион доллар көбүрөөк бермей болгонун, бул каражат өлкөдөгү COVID-19 илдети себеп болгон каатчылыктан жеңил өтүүгө жардам берерин "Твиттерге" жазды.

Быйыл Украинанын экономикасы 5 пайызга чейин төмөндөөрү күтүлүп жатат. Киев ЭВФтен ири насыя алуунун жолдорун тынбай сүйлөшүп келди. Ал үчүн украин өкмөтү бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттендирилген.

Украинада 28 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкса, алардын 800дөн ашууну COVID-19 илдетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG