Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Баткен ОИИБ: Айтбай Ахуновдун өлүмүнүн Чечмедеги чырга тиешеси жок


Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” “АКИпресс-Турмуш” агенттигинде “кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда таш тийген Айтбай Ахунов ооруканадан каза болду” деп жазылган маалымат чындыкка дал келбесин кабарлады.

Маалыматта "Ахунов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 31-майда чек арадагы чырда таш жеп, жараат алганы үчүн эмес, “Баш мээдеги кан айлануунун курч бузулушу, геморрагиялык инсульт” деген диагноз менен жаткырылган. 9-июнда саат 22:10 чамасында өз ажалы менен каза болгону аныкталды” деп жазылган.

50 жаштагы Ахуновдун өлүмү тууралуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат берилип, тиешелүү адистер маркумдун сөөгүнө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда денесинен эч кандай жарааттар аныкталган эмес.

Милициянын маалыматын Айдаркен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Арипбек Бегматов да ырастаган. Анын видеотасма аркылуу таратылган билдирүүсүндө маркум Айтбай Ахунов 31-май күнү “Тез жардам” кызматына Ахунов өзү автоунаасын айдап келип кайрылганы айтылган:

“Ал “башы катуу ооруп, оң буту алсыз болуп жатканын” айтып кайрылган. Кан басымы 210/120 болчу. Маркумдун туугандарынын айтуусунда, Чечмеде тополоң болгондо кан басымы көтөрүлгөн. Мурда да инсульт алган. Ошол эле күнү саат 22:30 чамасында жандандыруу бөлүмүнө которулган. Баштапкы текшерүүдө да денесинде эч кандай көгөргөн, сыйрылган, же сөөктөрүнүн сынган жарааттары жок болчу”, -деп билдирген дарыгер.

Ахуновдун өлүмү боюнча иш Кадамжай РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тиешелүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

А. Ахуновдун өлүмү боюнча айрым маалымат агенттиктери анын “Чечмедеги чырда башына таш тийип, кан басымы көтөрүлгөнүн, андан улам ооруканага кайрылып, эс-учун жоготкон абалда он күн жатып, эсине келе албай каза болгонун” жазышты.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.

Жаңжалдан кыргызстандык 25 жаран түрдүү жараат алганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Алардын төртөө түрдүү жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлердин айтуусунда, каза болгон Айтбай Ахунов алардын арасында болгон эмес.

Өзбекстан чек ара жаңжалында 200дөн ашуун жараны түрдүү жаракат алганын кабарлаган.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG