Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

АКШ: Флойддун иниси Конгресстин комитетинде көрсөтмө берет


Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты, 9-июнь 2020-жыл.
Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты, 9-июнь 2020-жыл.

АКШнын Миннеаполис шаарында полиция кармагандан көп өтпөй каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун иниси Филониз 10-июнда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетинде көрсөтмө бергени жатат. Аны менен кошо Флойддун үй-бүлөсүнүн адвокаты Бен Крамп жана дагы он киши полициянын зомбулугу тууралуу ойлору менен бөлүшөт.

Демократтар көзөмөлдөгөн палатанын бул комитети полициянын зомбулугу жана расалык теңсиздикке байланыштуу мыйзамдардын долбоорун даярдап жатат. Документ 4-июлда же АКШнын эгемендик күнүндө Өкүлдөр палатасынын жалпы жыйынына сунушталат.

46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда жасалма акча колдонду деген шек менен кармалгандан көп өтпөй каза тапкан. Интернетке тараган видеолордон полициячылар куралы жок Флойдду жерге жаткырып алып, анын моюнун тизеси менен бир нече мүнөт ныгыра басып, Флойд дем жетпей атканын улам кайталаганын көрүүгө болот.

Анын өлүмү АКШ баштаган дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы нааразылык акцияларына себеп болду. Флойддун сөөгү 9-июнда Хьюстон шаарында жерге берилди.

XS
SM
MD
LG