Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Европада чек аралар ачылууда


Австрия менен Венгриянын чек арасы.
Австрия менен Венгриянын чек арасы.

Австрия 16-июндан тартып Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун, ошондой эле Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын жарыялады.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Александр Шалленберг 10-июнда билдиргендей, Швеция, Улуу Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн гана чектөө кала берет. Министр Британия менен Швецияда коронавируска чалдыккандар көп болуп жатканын, Испания болсо чек арасын июль айында гана ачаарын жүйө келтирди.

Ал арада Венгрия менен Хорватия 12-июндан тартып чек арасын ача турган болду. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абал окшош экенин, Венгрия Словакия, Сербия, Словения жана Чехия менен чек арасын ачкандан кийин өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны көбөйбөгөнүн айтты. Словакиянын өкмөтү да илдет басаңдаган 16 өлкө менен каттамдар жандана турганын билдирди. Өткөн апта Чехия, Австрия жана Венгриянын жарандары үч өлкөнүн аймагында чектөөсүз каттаганга мүмкүнчүлүк алышкан.

Европа COVID-19 пандемиясынын очогуна айланып турган учурда чөлкөмдө аба каттамдары токтоп, чек аралар жабылган болчу. 10-июнга карата дүйнө жүзүндө 7 миллион 270 миңдей адам коронавируска чалдыкса, 412 миңдей киши өпкөнү сезгентен COVID-19 илдетинен каза болду.

XS
SM
MD
LG