Жогорку Кеңештин 11-июндагы сессиясында депутат Гүлшат Асылбаева акча алмаштыруу жайларына байланышкан мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди. Асылбаеванын айтымында, мыйзам долбоору акча алмаштыруу жайларын жабууга багытталган эмес. Жөн гана мамлекет менен кызматташуунун жаңы формасы сунушталып жатат.
“Бизге кайрылуулар келип жатат. Анын ичинен акча алмаштыруу жайларынан бир жылда 100 миллион сом, буга кошумча 10 миллион сом киреше салыгы түшөрү тууралуу кат да келди. Бирок расмий маалыматтар айтылган суммадан үч эсе аз. Тагыраагы, акча алмаштыруу жайларынан 37 миллион сом гана түшөт, ал эми киреше салыгы тууралуу маалымат жок".
Депутат мыйзам долбоорду туура түшүнбөгөндүктөн улам коомчулукта көптөгөн талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер чыкканын айтты.
Буга чейин акча алмаштыруучу жеке менчик бюролорду жабуу жөнүндө сунуш камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Алиярбек Абжалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев иштеп чыгып, демилгени сомдун кунун сактап калуу аракети катары түшүндүрүшкөн.
Депутаттар арасында жана коомчулукта «элге ыңгайсыз болот» деген негизде мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакыргандар чыккан.
Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар. (NT)