Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

COVID-19: Таластагы алгачкы бейтаптын күйөөсүнөн жана коңшусунан да вирус табылды


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас шаарында коронавирус менен катталган алгачкы бейтап аялдын күйөөсүнөн жана кошунасынан да бул илдет табылды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июнда билдиргендей, учурда алар менен контакт болгондордун анализи текшерилип жатат.

Облустагы COVID-19 жуккан алгачкы бейтап шаардагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген медицина кызматкери экени аныкталды.

Үсөнбаевдин айтымында, жеринде лабораториялык текшерүү уланып, адистер иштеп жатышат:

“Жашаган жеринде беш, жумушунда 17, жалпысынан 98 адам менен контакт болгонун тактап чыктык. Чебердебей, тартипти сактабаганыбыздын натыйжасы ушул болууда. Күйөөсү менен контакт болгондор да бир топ адам".

Жалпысынан 18-марттан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти.

Талас облусунда коронавирус буга чейин каттала элек болчу. Бүгүнкү күнгө карата вирус жукканы тастыкталгандардын саны бул аймакта үчөө болду.(RK)

XS
SM
MD
LG