Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Орусиянын Канттагы авиабазасы тууралуу протокол биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди


Канттагы аба базасы.

Жогорку Кеңеш 11-июндагы сессиясында Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Жыйында баяндама жасаган Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алып берүүнү депутаттардан суранды. Анын айтымында, инвентаризация иштери Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгенин көрсөттү. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

"2019-2017-жылдарда орус тарап менен биргеликте аскердик объектилерди жайгаштыруу үчүн Орусия ижарага алган жер тилкелерин толук инвентаризациялоо жүргөн. Анын жыйынтыгында иш жүзүндө алар ээлеген жер тилкеси 2012-жылда макулдашылган аянттан ашык экени белгилүү болгон. Айырмасы 58 гектар. Ушуга байланыштуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе келип чыгып, протокол иштелип чыккан", - деди Кедеев.

Бир топ суроо-жооптон кийин Жогорку Кеңеш маселени биринчи окууда добуш берүүгө жиберди.

Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Алдыда дагы эки окуу бар. Долбоорду 9-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети карап, биринчи окууда колдоп берген.

Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.

Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына да киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.

Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирип жатат.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG