Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Акыйкатчы төрт судьянын тартип жоопкерчилигин кароого чакырды


Судья Айбек Эрнис уулу.
Судья Айбек Эрнис уулу.

Акыйкатчы Токон Мамытов Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаар сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоевди, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы процессуалдык мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчынын 11-июнда таратылган билдирүүсүндө “13 жашар кызды зордуктоого шектелген адамдын ишин судья Айбек Эрнис уулу кароого укугу жок эле. Анткени мурдараак ал адвокат Арман Кыйгырованын тергөөчүнүн бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканына доо арызын кароого катышкан. Бир нече жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлсө да, Айбек Эрнис уулу ишти карап, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды үй камагына алуу чечимин чыгарган. Кийин кайра бул ишти карап, шектүүнү актаган” деп жазылган.

Акыйкатчы ошондой эле Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрүн зордуктоого шектелген адамдын күнөөсүн толук далилдеген прокуратура өкүлдөрүнүн жүйөөсүнө көңүл бурган эмес деп эсептейт.

Мурдараак социалдык тармактардын пайдалануучулары тарабынан судья Айбек Эрнис уулун кызматтан алуу талабы менен петиция түзүлүп, ага 1,5 миңден ашуун адам кол койгонун жабырлануучу тарап маалымдаган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

Жогорку сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирген. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG