Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Асрандиев: Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 11-июнда, брифингде билдирди. Анын айтуусунда, мамлекеттик бюджеттин абалы оор экенине карабай, социалдык милдеттенмелер мөөнөтүндө аткарылат.


“Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул төлөмдөр өз убагында берилет”, - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев жыл башынан берки беш айда бюджетке 14 млрд. сом түшпөй калганын белгилеп, ишкерлерди салыктан бошотуу мындан да көп жоготууларга алып келерин кошумчалады.

Анын сөзү боюнча, өкмөт ишкерлерге жеңилдетилген тартипте каржылоо аркылуу колдоо көрсөтүүнү чечти. Ишкерлерди каржылоо программасы 22-25-июндан тарта ишке кирет. Учурда ага катышуучу банктарды аныктоо процесси жүрүп жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй калуусу күтүлүп жатканын өкмөт маалымдап келет. Анын кенемтесин эл аралык донорлордон алынуучу акча менен толтурулаары кабарланган.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын парламентте билдиргенине караганда, Кыргызстан Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы жана башка каржылык уюмдардан, өнүккөн өлкөлөрдөн жалпы 500 млн доллардын айланасында насыя алууну сүйлөшкөн. Анын ичинен азыраак бөлүгү - грант.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG