Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары жеткирилди


Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.
Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.

11-июнда «Манас» эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек багыты боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Учак менен Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандык 187 жаран учуп келди, арасында балдар да бар.

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы Кыргызстан менен БАЭнин Тышкы иштер министрликтеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында уюштурулду.

Учакка отурардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза чыкты.

Бишкекке келгенден кийин да алар медициналык алгоритмге ылайык обсервацияга алынышат.

Бириккен Араб Эмираттарынан буга чейин, 10-майда 177 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланууда.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери чет өлкөлөрдө калып кеткен 15 миңге чукул жаран Кыргызстанга жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда дагы беш миңдей кыргызстандык мекенине кетүү өтүнүчү менен кайрылганын маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG