Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Жогорку Кеңеш Орусиянын башкы эки телеканалын көрсөтүүнү улантууга уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун 11-июнда көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Катталган 109 депутаттын 102си мыйзам долбоорун колдоду.

Ага ылайык, Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдары Кыргызстандын акысыз санарип куржунунан 2023-жылга чейин көрсөтүлөт.

Каршы добуш бергендердин катарындагы депутат Дастан Бекешев таблодо “макул” деген жазуу чыгып калганына нааразы болуп, баскычты оңдоо үчүн адис чакырууну талап кылды. "Макул" деген добуш мыйзам долбооруна 27-майдагы 1-окууда сессияга катышпаган депутат Абдывахап Нурбаев атынан да берилип калганы мурда кабарланган.

27-майдагы жалпы сессияда айрым депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна эки телеканалдын​ кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш өткөн эмес. Долбоор добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш берген. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG