Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда 13, Баткен жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 38 бейтап айыгып, 12-июнда үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти. (RK)