Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Арменияда өзгөчө абал бир айга узарды


Ереван шаарындагы медицина кызматкери, 9-июнь 2020-жыл.
Ереван шаарындагы медицина кызматкери, 9-июнь 2020-жыл.

Арменияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылды. Мындай чечимди армян өкмөтү 12-июндагы чукул жыйынында кабыл алды. Өкмөт өлкөдө COVID-19 эпидемиясы жөнгө салына электигин жүйө келтирди.

"Эпидемиологиялык абал чыңалган бойдон кала берүүдө. Эгер эч кандай каршылык жок болсо, өлкөдөгү өзгөчө абал дагы бир айга - 13-июлга чейин узартылат", - деп билдирди премьер-министр Никол Пашинян.

Арменияда март айынын ортосунан бери өзгөчө абал тартиби өкүм сүрүүдө. Бирок апрель жана май айларында айрым карантин чаралары жумшарган. Андан бери коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнү байкалууда.

12-июнга карата 3 миллиондой калкы бар бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 15 281 кишиге жетти. 258 бейтап COVID-19 илдетинен көз жумду.

Июнь айынын башында премьер-министри Никол Пашинян жана анын үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү да коронавирус инфекциясын жугузуп алганы белгилүү болгон. Пашинян өлкөнүн саламаттык системасы эпидемияга туруштук бере албай, ооруканаларда орун жетишпей жатканын 6-июнда билдирген.

XS
SM
MD
LG