Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

"Твиттер" Кытайга тиешеси бар миңдеген баракчаларды жапты


"Твиттер" социалдык түйүнү он миңдеген баракчаларды, алардын ичинде Кытай, Орусия жана Түркиянын пропагандалык аракеттерине байланышы бар аккаунттарды жапканын билдирди.

Компаниянын 11-июндагы маалыматына ылайык, мамлекетке байланышы бар кытайлык пропаганда түйүнү башкарган 23 750 баракча жана алардын жазгандарын жайылткан 150 миңдей аккаунт жок кылынды.

Бул баракчалар Гонконгдогу демонстрациялар жана коронавирус тууралуу бөлүшкөн маалыматтар Кытай өкмөтүнүн кызыкчылыктарына иштеп жатканы кабарланды. Ошондой эле орус өкмөтүнө байланышы бар 1152 шектүү аккаунт жана түркиялык 7340 баракча да жабылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин 12-июнда "Твиттердин" чечимине жооп кайтарып, социалдык түйүн бурмаланган маалыматтарга каршы күрөшүүнү көздөсө, Кытайды жамандаган баракчаларды да жабышы керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG