Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети 12-июнда “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өткөрдү.
Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутаттар Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров иштеп чыккан долбоор боюнча саясий партиялардын киреше булактарын көзөмөлдөө механизмдери, салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү талкууланды, мыйзамдарды сактабаган учурда аларды жоопко тартуу механизмдери жөнүндө да маселе көтөрүлдү.
Талкуунун катышуучулары шайлоонун жыйынтыгы менен саясий партияларды мамлекеттик каржылоого өткөрүү, чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан акча алуусуна тыюу салуу, каржылык ишмердүүлүгү тууралуу жыл сайын расмий сайтына ачык жарыялап турууга милдеттендирүү сыяктуу сунуштар да талкууланды.
Бул долбоор колдоо тапса парламентке өткөн жана шайлоочулардын эки пайыз добушун алган партияларга жыл сайын бюджеттен акча бөлүнөт. Буга чейин мыйзам долбоорунун авторлору бул демилге партиялардын калыптанышына жана алардын ачык-айкын иштешине шарт түзөрүн жүйө келтиришкен. Бирок партияларды каржылоого бюджеттин чама-чаркы жетеби, коомчулук бул сунушту колдойбу деген маселе көтөрүлгөн.
«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү долбоорун депутат Бакыт Төрөбаев да иштеп чыккан. Анда партиянын төрагалыгына Кыргызстандын 30 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, партияда беш жылдан кем эмес мүчө болгон жана соттолбогон жараны көрсөтүлүшү керек экендиги жазылган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 270ке жакын саясий партия каттоодон өткөн. «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам 1999-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. (RK)