Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Украин президентинин жубайы коронавируска чалдыкты

Елена Зеленская жана Владимир Зеленский.
Елена Зеленская жана Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал 12-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ал өзүнөн коронавирус табылганы күтүүсүз болгонун, жолдошу менен балдарынын анализи таза чыкканын билдирди.

Украин президентинин кеңсеси Елена Зеленская үй-бүлөсүнөн обочодо дарылана баштаганын, маал-маалы менен коронавируска тесттен өтүп келгенин, июнь айынын башындагы анализинен вирус табылганын маалымдады.

Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 12-июнга карата өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 29 753 адамга жетти. Алардын 870и кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG