Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

АКШ Ирактагы аскерлерин чыгарууну улантат


Ирактын Тажи базасындагы америкалык аскерлер.
Ирактын Тажи базасындагы америкалык аскерлер.

Кошмо Штаттар Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүүнү улантат. Бул тууралуу эки өлкөнүн 11-июндагы биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. АКШ менен Ирактын расмий өкүлдөрүнүн стратегиялык диалогу бейшембиде телебайланыш аркылуу уюштурулду.

Жыл башында Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани Багдаддын жанындагы аэропортто америкалык дрондун соккусунан каза тапкандан кийин ирактык депутаттар АКШнын контингентин чыгарууну талап кылышкан.

Билдирүүдө жоокерлерди алып кетүү жараяны "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун коркунучун жоюу аракеттери ийгиликтүү жүрүп жаткан маалда ишке ашырылары белгиленгени менен конкреттүү дата же сандар көрсөтүлгөн жок. Аскерлерди алып кетүү жараяны "алдыңкы айларда" башталары гана айтылды. Ал эми калган күчтөрдүн макамы кийин макулдашылмакчы.

Вашингтон Иракта туруктуу аскердик контингентин калтырууну көздөбөгөнүн дагы бир ирет белгиледи. Багдад бийлиги өз кезегинде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн АКШ жетектеген коалициянын курамындагы аскерлерди коргоону убада кылды.

XS
SM
MD
LG