Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Үсөнбаев: Эпидемиологиялык абал курч, үйдө болуп туруш керек


Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

Cаламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча мекеме-ишканаларда, соода борборлорунда бир жумада 3000-4000 рейд жүргүзүлүп жатат.

Үсөнбаев талапты бузгандарга айып салынып жатканын, бирок жалпы эл эрежени сактабаса, коронавируска каршы туруу мүмкүн эмес экенин айтты.

«Көп учурда ооруканага барып жатасыздар. Көчөдө дагы эле жүрөсүңөр, парктарга барып жатасыңар. Ушуну азайта турсак. Эпидемиологиялык абал курчуп турганда үйдө болуп, киши көп жүргөн жерлерге барбасак».

Жалпысынан 18-марттан 13-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2207 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1722 адам илдеттен айыкты.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден ашык чогулууга уруксат жок.

Саламаттык сактоо министрлиги той-аштарга уруксат берүү өтүнүчтөрү айтылып жатканын, бирок азырынча бул маселе каралбай турганын 12-июнда билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG