Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Кыргызстанда акыркы жылдары кан донорлору кескин азайды


Кан донору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кан донору. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн дүйнө жүзүндө кан донорлорунун күнү белгиленип жатат. Бул иш-чара канга муктаж адамдарга коомчулуктун көңүлүн буруу жана кан донорлоруна ыраазычылык билдирүү үчүн өтөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги туруктуу, ыктыярдуу жана акысыз кан тапшыруу менен гана жетиштүү өлчөмдө кан запасын камсыз кылууга болорун билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы жылдары Кыргызстанда донорлор кескин азайып кетти. Мисалы, 1985-жылы өлкөдө донорлордун саны 178 232 адам болсо, 2019-жылы алардын саны 38 329 чейин кыскарган.

Министрлик элди адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн кан тапшырып салым кошууга чакырды.

Жыл сайын 14-июнда дүйнө жүзүндө кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул күнү австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнер туулган. Ал адамдын канын топторго бөлүштүрүү ыкмасын ойлоп тапканы үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG