Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Москвадан Бишкекке 437 киши жеткирилди


14-июнда Москва – Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген мекендештер.
14-июнда Москва – Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген мекендештер.

«Аэрофлот – Орусия авиакаттамдары» компаниясынын Москва – Бишкек каттамы боюнча 14-июнда Бишкекке 437 кыргызстандык жеткирилди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди.

Бул каттам менен төрөтү жакындап калган кош бойлуу келиндер, эки жашка чыга элек баласы бар аялдар, оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон кишилер келди. Алар эми бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 13-июнда тараткан маалымат боюнча, Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликке алты миңден ашуун мекендештерден арыз түшкөн. Эми жумасына эки жолу Москва-Ош жана Москва-Бишкек авиакаттамдарын уюштуруу пландалып жатат.

Элчилик 20-марттан бери Орусиядан Кыргызстанга жалпысынан тогуз миңден ашык адам учак жана автобус менен жеткирилгенин кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG