Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлердин саны 438ге жетти


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде тогуз медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч, Нарын облусунда бир медкызматкер. Ал эми стационарлардан эки дарыгер айыгып чыкты.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 438 учур катталды, алардын ичинен 341и айыкты.

Жалпысынан 18-марттан 14-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2285 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1791 бейтап сакайып кетти. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG