Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Коронавирус жаңы табылган 78 кишинин 35и илдетти кайдан жуктурганы белгисиз


Бишкектеги соода борборлорунун бирине кирүү тартиби.
Бишкектеги соода борборлорунун бирине кирүү тартиби.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адамдын ичинен төрт киши чет өлкөдөн келген, COVID-19 илдети аныкталгандар менен байланышта болгондор 39 адам, ал эми 35 киши вирусту кайдан жуктурганы белгисиз.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирип, жарандарды киши көп чогулган жерлерге барбоого, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгууга жана беткапты сөзсүз тагынып, аралыкты, гигиена эрежелерин так сактоого чакырды.

COVID-19 вирусу табылгандар менен байланышта болгондордун саны - 9711. Обсервацияда 1507 адам жатат. Жалпысынан 18-марттан 14-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2285 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1791 киши айыкты.

Cаламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-июнда эпидемиологиялык абал курч экенин эскерткен.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден ашык чогулууга уруксат жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG