Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Албания соту тажик жаранын Германиядан Тиранага экстрадициялоону суранды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна мүчө делген тажикстандык 24 жаштагы Комром Зухуровду Албаниянын соту Германиядан Орусияга эмес, Албанияга экстрадициялоону талап кылууда.

Зухуров Германияда теракт уюштурууну пландаган деп шектелип, Карлсруэ шаарында апрелде кармалган. Германиялык тартип сакчылары Зухуров «Ислам мамлекети» террордук тобуна тиешеси бар, АКШнын бул өлкөдөгү аскерий базасына кол салууну пландап жаткан топко таандык деп билдирген.

Зухуровдун адвокаты Аслан Догжани бул айыптарды четке кагып, Комром Германияда эки жылдан бери жашап жатканын, февраль айында Албаниядагы эжесин көргөнү барып келгенин билдирген.

15-мартта террордук чабуул уюштурууга шектелип Германияда төрт тажикстандык кармалган. Акыркы жылдары бул өлкөдө ИМ тобу уюштурган чабуулдар көп катталууда. 2016-жылдын декабрында Берлинде Рождество майрамдары учурунда кандуу калабадан 12 адам каза болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG