Бул маселе партиянын аймактык жана райондук жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланып, партиянын активи учурдагы бийликтин саясатына карата оппозициялык багытын белгилегени кабарланды. Жыйындан тартылган тасманы «Ата Мекен» партиясы «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады.
5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган.
Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.
Аталган бирикменин негизги максаты быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу экени белгилүү болгон. (BTo)