Британия полициясы ишембидеги Лондондогу каршылык акциясы учурунда тартип сакчыларына кол көтөргөн жүздөн ашык адам кармалганын билдирди. Буга коомдук тартипти бузган бейбаштык, полицияга кол салуу жана курал алып жүрүү себеп болгону белгиленди.
Премьер-министр Борис Жонсон бул көрүнүштү “биздин көчөлөрдө расисттик бандитизмге орун жок” деп айыптады.
Ишембиде расизмге каршы чыккандардын жүрүшү өткөн. Ошондой эле ашкере оңчул активисттер да расизмге каршылардан эстеликтерди коргоо үчүн көчөгө чыкканын билдиришкен.
Акыркы күндөрү Британияда «убагында кул иштеткен» деп айыпталган бир катар тарыхый инсандардын айкелдери алына баштаган. Бул көрүнүш расизмге каршы жүрүштөр учурунда орун алды.
25-майда АКШда ынды кара Жорж Флойд полиция кармагандан кийин көз жумган. Кошмо Штаттарда, андан соң дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө расалык бөлүнүүгө каршы, теңчилик үчүн акциялар ошондон кийин башталып, айрым жерлерде башаламандык менен коштолууда.