Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Путин Орусия коронавирусту "аз жоготуу" менен жеңип баратканын билдирди


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсү коронавирус эпидемиясынан "ишенимдүү жана аз жоготуу менен" чыгып баратканын билдирди.

Президенттин "Россия" телеканалына берген маегинин айрым бөлүктөрүн журналист Павел Зарубин 14-июнда жарыялап, пандемия учурундагы Путиндин алгачкы маеги экенин белгиледи.

Анда орус президенти Кошмо Штаттарынын коронавируска каршы күрөшүнө да токтолду. АКШда «партиялардын кызыкчылыгы эл кызыкчылыгынан жогору» коюлуп калганын, ошондой эле президенттин сөзүнө штат губернаторлору кулак салбай жатканын, мындан улам илдеттин таралышы басаңдабай жатканын белгилеген.

Ал эми эл аралык коомчулук тескерисинче Орусияда бийлик бир кишинин гана колуна топтолгонун белгилеп келишет.

14-июнга карата Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар 2 миллион 140 миңден ашты. Ал эми Орусияда 530 миңди чамалады. Ошол эле учурда Орусияда көптөгөн илдетке чалдыккандар, анын ичинде мигранттар статистикага илинбей жатканы маалымдалат.

Эки өлкөнүн бийлиги тең адамдардын көп катталып жатышын коронавируска карата тестти тапшыргандардын көбөйүшү менен чечмелеп келишет.

XS
SM
MD
LG