Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кытайда коронавируска чалдыккандар бир күндө кескин көбөйдү


Полиция "Синфади" базарын күзөтүүдө. 13-июнь, 2020-жыл.
Полиция "Синфади" базарын күзөтүүдө. 13-июнь, 2020-жыл.

Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адам коронавирусту жуктурганы аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, жаңы катталгандардын 36сы - Бээжинде. Бул ирет вирус өлкө ичинде жуккан деп таанылды.

Инфекциянын кескин таралуусун башкалаадагы «Синьфади» азык-түлүк базарынын иштешине байланыштырышууда. 13-июнда базар жабылып, айланасындагы 11 маалеге обочолонуу режими киргизилди.

Жети аптадан бери Кытайда коронавирус күнүнө бирин-экин же таптакыр катталбай келген эле.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG