Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө айыптар угузулууда


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Биринчи май райондук сотунун алдында. 1-июнь, 2020-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн, 15-июнда уланды. Анда прокуратура өкүлдөрү бул иш боюнча шектелип жаткан 14 адамды айыптоо актысы менен тааныштырып жатышат. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” билдирди:

“Учурда айыптоо актысын тааныштыруу жүрүп жатат. Бүгүн саат 10:00гө белгиленген соттук териштирүү адвокат Рысбек Карыпбековдун келбей калганына байланыштуу саат 14:00гө жылдырылды”.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишинин соту болууда. Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG