Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:55

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар боюнча мыйзам долбоорун эки-үч жыл кармап турууну сунуш кылды


In Kyrgyzstan, the dollar rose in price. Dollar, som. Kyrgyz currency. Money. Bishkek, Kyrgyzstan.
In Kyrgyzstan, the dollar rose in price. Dollar, som. Kyrgyz currency. Money. Bishkek, Kyrgyzstan.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов коронавирустун кесепетине байланыштуу акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун эки-үч жыл кармап турууну сунуш кылды. Мындай сунушту ал парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 15-июндагы отурумунда билдирди.

Депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып, Абдыгулов төрт-беш жыл мурда Улуттук банк да ушундай демилге менен чыкканын, соңку депутаттардын демилгесине мекеме каршы эместигин кошумчалады.

Ал ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, акча алмаштыруучу жайлар жабылбай турганын, алар чакан финансылык компания же агенттик катары иштей баштарын белгиледи.

Буга чейин акча алмаштыруучу жеке менчик бюролорду жабуу жөнүндө сунуш камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Алиярбек Абжалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев иштеп чыгып, демилгени сомдун кунун сактап калуу катары көрсөтүшкөн.

Депутаттар арасында жана коомчулукта «элге ыңгайсыз болот» деген негизде мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакыргандар чыккан.

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар.

Жогорку Кеңештин аталган комитетинде 15-июнда Улуттук банк менен Эсептөө палатасы 2019-жылдагы иши жөнүндө берди. (ErN)

XS
SM
MD
LG