Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" базарынын ишмердүүлүгү санитардык нормалар жана эрежелер үчүн убактылуу токтотулду. Бул тууралуу токтомго борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Базарга караштуу бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерчилик чарбалары формасына карабай убактылуу жабылды. Базарда санитардык чаралар күчөтүлүп, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
10-июндан 13-июнга чейин Бишкектин "Орто-Сай" базары убактылуу жабылып, дезинфекциялоо жумуштары аткарылган. Мындан сырткары башкалаадагы "Ош" базары да убактылуу жабылары кабарланган. (ErN)