Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 1-августка чейин узарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын комиссия карантиндик чараларды 1-августка чейин узартты. Ага ылайык, эл коомдук жайларда беткап кийип, социалдык аралыкты сакташы керек.

Өлкө аймактары пандемия коркунучуна байланыштуу "кызыл", "сары" жана "жашыл" деген бөлүктөргө бөлүнгөн учур дагы уланат.

Комиссия иштөөгө уруксат берилген ишкана-мекемелердин кызматкерлеринен, жумушчуларынан коронавирус чыкса, болгон чыгымды ошол жайлар өздөрү төлөйт деген чечим чыгарды.

Өзбекстанда 15-июндан тартып эл аралык авиакаттам жанданды. Дипломаттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына, чет өлкөдө жана Өзбекстанда жакын туугандары ооруп калгандарга, чет өлкөгө окууга же иштегени бараткандарга келип-кетүүгө урусат берилди. Санитардык-эпидемиологоялык абал жакшы деп саналган өлкөлөрдөн келгендер карантинге алынбай турган болду.

Акыркы маалыматка ылайык, Өзбекстанда беш миңден ашык адам коронавирус жугузуп алды. 19 киши бул илдеттен көз жумду. Ушул тушта 28 миңден ашык адам карантинде жатат.

XS
SM
MD
LG