Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Учакка билет Орусияга кирүү укугуна ээ болгон адамдарга сатылат


Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 28-апрель, 2020-жыл.
Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 28-апрель, 2020-жыл.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, Бишкек жана Ош шаарларынан каттамдар 17-21-июнь күндөрү жүргүзүлөт. Бишкек-Казань багытындагы учак 17-июнь күнү учат. Бул учак менен Татарстан, Башкырстан, Удмуртия, Марий Эл, Чувашия, Мордовия, Оренбург, Киров, Ульянов, Самара жана Нижегород облустарына баруучулар кете алышат.

19-июнда Бишкек-Якутск багытында каттам болот. Ош-Москва багытындагы учак 20-июнда, Бишкек-Москва багытындагысы 21-июнда учат.

Кыргызстандан Орусияга билеттер орус жергесине кирүү укугуна ээ болгон адамдарга сатылат.

Кыргыз өкмөтү буга чейин Орусиядан келе албай жаткан кыргызстандыктар үчүн бир нече жолу чартердик каттамдарды уюштурган. Новосибирск, Екатеринбург, Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан келген чартердик каттамдар кайра бортуна Орусиянын жарандарын алып кетип жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG