Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Филиппинде журналист сегиз жыл мурда жазган макаласы үчүн алты жылга кесилди


Мария Ресса.
Мария Ресса.

Филиппинде президент Родриго Дутертенин саясатын сындап келген "Rappler" сайтынын башчысы, журналист Мария Ресса алты жылга эркинен ажыратылды. Ага мындан сегиз жыл мурун жазган макаласына байланыштуу кылмыш иши козголгон жана "кибер ушак" тараткан деген айып коюлган.

Ресса сот өкүмү окулгандан кийин билдирүү жасап, өзүнүн жагдайын сот эркиндигине чабуул катары сыпаттады жана ага каршы турарын айтты. Журналист доо арыздар каралып жаткан маалда күрөөгө бошотулган.

Мария Ресса ага кылмыш ишин ачууга негиз болгон илгерки макаласында өлкөдөгү ири ишкерлердин бири тууралуу жазган жана анын маңзат соодасы менен адам аткезчилигине байланышы бар экенин иликтеген.

Журналистке кылмыш иши козголгон маалда кибер ушак таратканы үчүн жаза каралган мыйзам долбоор кабыл алына элек болчу.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Филиппин бийлигин сөз эркиндигин, журналисттердин көз карандысыздыгын чектебөөгө чакырып келишет.

XS
SM
MD
LG