Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Пандемия учурунда Орусиядан Кыргызстанга он миңге чукул адам жеткирилди


Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар. Москва. 17-май, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Аэропортто учак күткөн кыргызстандыктар. Москва. 17-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан бери Орусиянын түрдүү шаарларынан Кыргызстанга 46 учак каттамы жана Казакстан аркылуу 20 автобус менен 9372 адам жеткирилди.

13-июнь күнү Москва-Ош багытында уюштурулуп, 358 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди. 14-июнда Москва-Бишкек каттамындагы учак менен 437 адам жеткирилген.

Элчилик кыргызстандыктарды кайтаруу үчүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, орусиялык аба компаниялары жана башка расмий тараптар менен сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп жатканын кабарлоодо. Ага ылайык, ушул тапта мекенине кайтууну көздөп кайрылган жарандардын саны алты миңге чукул.

Элчилик мурдараак Орусиядан Кыргызстанга чартердик каттамдар апта сайын уюштуруларын маалымдаган. (ZKo/LzT)

XS
SM
MD
LG