Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерди ашыкча текшерүүнү айыптады


Робин Орд-Смит.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерди жана бизнестин өкүлдөрүн ашыкча текшерүү жана айыппул салуу боюнча медиа каражаттарында жарыяланган кабарларга камтамачылыгын билдирди. Бул тууралуу анын расмий кайрылуусунда айтылат.

Орд-Смит өзгөчө абал жана карантин учурунда аргасыз жабылып, жабыр тарткан ишкерчилик чарбалары али өзүнө келе электигин белгилеген:

«Алар бардык күчүн экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө, жумуш орундарын сактап калууга жана өлкө экономикасына салым кошууга жумшап жатат. Ушуга байланыштуу аларга башка кошумча финансылык басым жеке сектордогу коррупциялык тобокелчиликтерге жана тескери кесепеттерге алып келет».

Ишкерлердин укуктарын коргоочу адис бизнес-чарбалар COVID-19 вирусун алдын алуу боюнча колунан келген аракеттерин көрүп жатканын, ага карабай аларга айыппулдарды көбөйтүү туура эместигин өз кайрылуусунда келтирет.

Бизнес-акыйкатчы мыйзамсыз айыппулга жыгылган жана коррупцияга кабылган ишкерлерди www.boi.kg сайты аркылуу же 0222 911 330 телефону аркылуу ага кайрылуусун сунуштайт.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит бизнес акыйкатчы болуп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 2019-жылдын август айында дайындалган. Бизнес-акыйкатчы институту өкмөттүн 2018-жылдын 31-декабрындагы токтомунун негизинде түзгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG