Кочкор жана Нарын райондорунун тургундарынын ортосундагы жайыт маселесин териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул комиссия эки апта ичинде жайыттардын кайсы тарапка таандык экендигин мыйзам чегинде аныктайт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен 15-июндагы жолугушуусунда билдирди.
5-6-июнда Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге -Тал айыл өкмөтү менен Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн малчылары жайыт талашып, жол тосушкан. Алардын чыры жакалашып, урушканга чейин жеткен.
Жайыт талашкан тараптар 14-июнда да чогулуп, кайым айтыш уланды. Эл чогулган жерге милициянын кошумча күчтөрү тартылды. Милиция бул күнү тараптардан алтымыштай киши чогулганын, ал эми окуянын катышуучулары Кара-Кужур аймагынан 150дөй, Кочкор районунан 200дөй киши келгенин айтышты.
Нарын району Кочкор районуна тиешелүү Кара-Кужур өрөөнүн узак мөөнөткө жайытка пайдаланууга алган.
Кыргызстан боюнча узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттардын убактысы 2020-жылы бүтмөк. Өкмөттүн токтому менен ал 2030-жылга чейин узартылган. (ErN)