Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Түркмөн аскерлери жана күч кызматкерлери мөмө-жемиш өстүрө баштайт


Гурбангулы Бердымухамедов күч түзүмдөрүнүн башчылары менен мындан бир апта мурун жолуккан.
Гурбангулы Бердымухамедов күч түзүмдөрүнүн башчылары менен мындан бир апта мурун жолуккан.

Түркмөнстандагы мамлекеттик маалымат агенттиги тартип коргоо органдарына, аскердик мекемелерге мөмө-чөмө, жер-жемиш өстүргөнгө жер бөлүнүп берилгенин жазды. Ал маалыматта кайсы органга канча гектар жер берилгени, түшүм жыйноо боюнча мамлекеттик пландын болор-болбосу көрсөтүлгөн эмес.

Мындай тажрыйба мурдагы президент, маркум Сапармурат Ниязовдун тушунда да болгон. Ал да аскерлер менен тарип коргоо органдарынын кызматкерлерин мөмө-жемиш өстүрүүгө милдеттендирген жана айва кыямынын пайдасы тууралуу айтып жүргөн.

Түркмөнстанда айыл чарба өнүмүн өстүрүүгө күч органдарын да тартуу планы тууралуу ушул жылдын башында өкмөттүн жыйында белгилүү болгон. Президент Гурбангулы Бердымухаммедов акыркы жолу күч түзүмдөрүнүн башчылары менен мындан бир апта мурун жолуккан. Анда мындай мекемелердин чарбалык инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, мисалы, аткана куруу өңдүү долбоорлор талкууланганы айтылган.

Борбор Азиядагы эң жабык мамлекетте кийинки жылдары азык-түлүк тартыш болуп, эли эптеп жан багып келет.

Түркмөн бийлиги өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG