Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Жарандардын майыптыгын аныктоо жеңилдетилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаранды майып деп табуу жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөр 15-июндан баштап күчүнө кирди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров видео кайрылуусунда маалымдады.

Өзгөртүлгөн жобого ылайык, жарандын майыптыгын аныктоонун жол-жобосу жеңилдетилди. Масален, майыптыгы ооруканага жаткырбай эле аныкталуучу оорулардын тизмеси толукталды. Аларга аутизм, дүлөй, дудук, ар кандай даражадагы акыл-эси өспөй калышы сыяктуу оорулар кирет. Тактап айтканда эми өлкөдөгү 20 миңдей адамга майыптыгын аныктоодо жеңилдиктер каралды.

Ал эми патологиясы бар 2500 киши, анын ичинде буту ампутациялангандар мөөнөтсүз майып деген күбөлүк алышат. 24 оорунун түрүндө майыптыгын кайталап аныктоо мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин узартылды. Жаңы жобо боюнча бала кезинен 3-даражадагы майып болуп, бирок 18ге чыккандан кийин майыптыгы аныкталса, ал жаран жөлөкпулду эки эсе көп алат.

Министр Улукбек Кочкоров атайын топ бир жыл бою иштеп чыккан өзгөртүүлөрдү өкмөт токтом менен жаңы бекиткенин билдирди. Министр жаңы жобо медициналык-социалдык экспертиза системасынын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү кыйла төмөндөтөрүнө ишеним артты.

Буга чейин иштеп келген жобо ашкере катаал талаптары жана майыптыкты аныктоо комиссияларынын мыйзамсыз аракеттери коомчулуктун сынына кабылып келаткан.

Расмий маалымат боюнча, өлкө боюнча 193 778 майып бар, алардын ичинен 32 миңи 18 жашка толо элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG