Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Масалиев: тил алчаак өкмөт башчы келет


Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча пикирин билдирди. Саясатчы "Фейсбуктагы" баракчасына кеткен өкмөт башчынын ордуна мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок, бирок тил алчаак адам өкмөт башчы болуп келерин жазды.

“Бизге өз пикири жана өлкөнү өзгөртүүгө каалоосу бар премьер-министр жетишпей жатат”, - деди Масалиев.

Социалдык тармактарда өкмөт башчылыкка талапкер катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Бишкек мэри Азиз Суракматовдун аты аталып жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн. Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Анда депутат өкмөт башчынын бул ишке тиешеси бар-жогун териштирүүнү талап кылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG