Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Грузияда журналистти өлтүрүүгө даярданган деген шек менен орус жараны кармалды


Георгий Габуния

Тбилисиде атайын кызматтын операциясында бир жыл мурда «Рустави-2» телеканалынын эфиринде Владимир Путинди тилдеген журналист Георгий Габунияга кол салууга даярданган деген шек менен орус жараны кармалды.

Бул тууралуу «Эхо Кавказа» Габуния иштеп жаткан «Мтавари архи» каналынын жетекчисине таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, кармалган жаран 38 жаштагы Васамбек Боков аттуу Ингушетиянын тургуну. Грузия бийлигине журналистке кол салуу уюштуруларын украин күч органдары маалымдаган. Грузиянын Коопсуздук кызматы кармалган орус жараны боюнча комментарий бере элек.

2019-жылы «Рустави-2» телеканалынын кабарчысы Георгий Габуния 7-июлда түз эфирде Орусиянын президенти Владимир Путинди оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Бул окуядан кийин журналистке бир нече коркутуулар болгон. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров “Габуния жашынышы керек, болбосо биринчи жолуккан киши өзүнө татыктуу мамиле кылышы мүмкүн” деп билдирген.

Журналист Георгий Габуниянын жумуштан бошотулганы 2019-жылдан 20-августунда белгилүү болгон.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG