Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков сунушталды


Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган техникалык өкмөттүн биринчи вице-премьер-министрлик кызматына экс-депутат Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу премьер-министрлик кызматка сунушталган Кубатбек Боронов коалициянын жыйынында жарыялады.

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Алмазбек Батырбеков депутаттык мандатын бир жума мурда тапшырып, келерки парламенттик шайлоого даярдануу ниетин билдирген.

Боронов коалициялык көпчүлүктүн жыйынында ошондой эле аппарат башчы өз арызы менен кеткендигин белгилеп, анын ордуна Таалайбек Темиралиевди сунуштады. Таалайбек Темиралиев буга чейин "Дастан" ишканасынын директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Мындан сырткары Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окууга кетишине байланыштуу бошоп жаткандыгы мурда кабарланган.

Бороновдун өзүн да премьер-министрлик кызматка бүгүн, 16-июнда көпчүлүк коалиция сунуштады. Боронов өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү болбой турганын белгиледи.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Анын кызматтан кетүү арызын бүгүн, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. (ErN)

XS
SM
MD
LG