Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Финансы министри: күч кызматкерлерине кошумча акыга 446 миллион сом төлөнөт


Өзгөчө абал учурунда Ошто иштеп жаткан милиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөчө абал учурунда Ошто иштеп жаткан милиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал учурунда иштеген күч кызматкерлеринин айлык акысына кошумча акы катары төлөө үчүн 446 миллион сом керек. Бул маалыматты финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңеште депутат Бакирдин Субанбековдун милиция кызматкерлерине кошума акы төлөө тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, каражат бар, уруксат кагаздары бүтөрү менен кошумча акы төлөнүп берилет.

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жакын арада төлөнүп берилерин Ички иштер министрлиги да 15-июнда кабарлаган.

Министрлик билдиргендей, мыйзамга ылайык казармалык шартта кызматын өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилиши керек. Бул боюнча эсеп табелдери толтурулуп, Финансы министрлигине жөнөтүлгөн.

Коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлери иш таштоого камынып жатканы тууралуу буга чейин бир нече маалымат каражаты жазып чыкты. Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иш таштай тургандыгы жөнүндө маалыматты четке каккан.

Өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрдагы токтомуна ылайык өзгөчө абалдын шарттарында иштеген аскер кызматчыларына кошумча кепилдиктер жана компенсациялар төлөнүп берилет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын шарттарында иштеген аскер жана милиция кызматкерлеринин саны тууралуу маалымат таратыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG