Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Боронов: Парламенттик шайлоо мөөнөтү азырынча белгисиз


Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Күзүндө өтүүчү шайлоонун мөөнөтү азырынча белгисиз экенин өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Азырынча божомолдор менен баратабыз. Коронавирус пандемиясы тилекке каршы азырынча курч, өзгөчө Бишкек шаарында кооптуу болуп турат. Ошондуктан азырынча шайлоонун мөөнөтү тууралуу айтууга эртелик кылат. Эгер илдеттин жугуусу азайса, анда шайлоо өз мөөнөтүндө болот”.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрда өтүшү керек. Коронавирус пандемиясынан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо да белгисиз мөөнөткө жылдырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG