Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Иранды эки жайга инспекторлорду киргизүүгө дагы бир жолу үндөдү.
Мариано Гросси 15-июнда Венадагы кабарчыларга маалымдагандай, Тегеран төрт айдан бери агенттиктин текшерүүчүлөрүнө өзөктүк тармакка байланышкан эки жерге барууга уруксат бербей келет. Гросси Иран бийлиги дээрлик бир жылдан бери атомдук ишмердигине байланышкан суроолорго жооп алуу үчүн талкууларга катышпай жатканын кошумчалады. Директор Тегеранды кызматташууга чакырды.
Сөз болгон эки жай Ирандын өзөктүк программасы үчүн эң маанилүү болуп эсептелбегени менен агенттик мурдагы ишмердиги, андагы материалдар тууралуу маалымат канчалык туура экенин билүүгө тийиш.
Тегеран МАГАТЭнин андай жерлерди текшерүүгө укуктук жүйөсү жок деп эсептейт. Себеби, алар Иран 2015-жылы өзөктүк келишимге кол койгуча иштеп келген.