Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

17-июнга карата аба ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 17-18-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

17-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27;

Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24 градус жылуу болот.

17-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16.…18°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG