Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана кызматкерлер менен жолукту


Мухаммедкалый Абылгазиев. Апрель, 2020-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев. Апрель, 2020-жыл.

Социалдык-экономикалык маселелер топтолуп, ондогон жылдар бою чечилбей келген, аларды кыска убакытта чечүү мүмкүн эмес. Туруктуу өнүгүү үчүн өлкөдө коомдук-саясий туруктуулук, саясатсыз экономика, анан албетте, күчтүү кадрлар керек. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-июнда өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулары жана өкмөттүк аппараттын эмгек жамааты менен жолугушууда билдирди.

Абылгазиев биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталганын белгиледи.

«Жаратмандык натыйжаларга жетүүдө колдоо көрсөткөн президентибиз Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз», - деди ал.

Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастанбек Жумабековго өкмөт менен конструктивдүү иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзү жетектеген министрлер кабинети 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган өкмөт болгонун да белгиледи.

Анткен менен Мукаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө салык чогултуу, ишкердикти колдоо, жумуш орундары менен камсыздоо өңдүү иштерди чабал уюштуруп, экономикалык өсүштү камсыздай албай жатат деген сындар парламентте жана коомчулукта байма-бай айтылып келди. Мындай сындарга кийинчерээк радиожыштык сатууга байланышкан жаңжал кошулду.

Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG