Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Депутат Акаев: Техникалык өкмөт шайлоо үчүн иштейт (видео)


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Келе жаткан өкмөт өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн эмес, шайлоого иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында билдирди:

“Бул өкмөттөн жакшылык, өзгөрүү, адилеттүүлүк күтүүгө болбойт. Анткени, бул өкмөт шайлоого иштөө үчүн келе жатат. Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштейт. Боронов “Биримдик” партиясына иштейт. Булар ушундай миссия менен келе жатат”.

Жанар Акаев азыркы кырдаалда элдин турмушун жакшыртып, өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн мобилдүү, кубаттуу өкмөт түзүү зарылчылыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырып, дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG