Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

COVID-19 расмий катталбаган Түркмөнстанда эки чоң оорукана карантинге жабылды


Ашхабад. май 2020-жыл
Ашхабад. май 2020-жыл

Коронавирус расмий катталбаган Түркмөнстанда, айрым кабарларга караганда, эки чоң оорукана карантинге алынды. Саламаттык сактоо министрлигине жакын булактар "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына 15-июнда кабарлашкандай, Ашхабаддагы инфекциялык ооруканада иштегендерге бир нече күн бою ал жактан чыгууга жана телефондорун пайдаланууга тыюу салынды. Атын атабаган кызматкерлер оорукана пневмонияга чалдыккан бейтаптарга толуп калганын, оор абалдагылар жана көз жумгандар бар экенин айтып беришти.

Лебап облусундагы Түркмөнабад шаарынан келген расмий эмес маалыматка ылайык, жергиликтүү ооруканада иштеген медайымдын анализинен экинчи жолу коронавирус табылгандан кийин ал жер жабылды.

Аттарын атабаган булактар полиция оорукананы курчоого алганын, медициналык кызматкерлерге пандемия башталгандан бери биринчи жолу жеке коргоочу каражаттар берилгенин айтып беришти.

Дагы бир булактардын айтымында, бийлик коронавирус катталганын расмий жарыялоого даярданып жатат. Бирок муну тастыктаган же төгүнгө чыгарган расмий маалымат алуу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG