Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Венгрияда премьерге кошумча ыйгарым укук берген мыйзам токтойт


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын парламенти премьер-министр Виктор Орбанга коронавирус кризисин жөнгө салуу маалында берилген атайын ыйгарым укуктарды жокко чыгарган резолюцияны жактырды. Өкмөт башчынын “Фидес” партиясы үстөмдүк кылган парламент 16-июнда өзгөчө кырдаалды, аны менен кошо Орбанга чектелбеген мөөнөт бою атайын декреттер менен башкарууга укук берген ыйгарымдарды алууну колдоду. Эми өкмөт алдыдагы аптада өзгөчө кырдаалды жоёт деп күтүлүүдө.

Ошол эле маалда мыйзам чыгаруучулар “медициналык кризис абалын” жарыялоого жол ачкан жобону жактырышты. Сынчылар документ өкмөткө чектелбеген убакыт декреттер менен башкарууга өбөлгө түзөрүн айтышат.
Оппозиция жана укук коргоочулар Орбанга берилген кошумча ыйгарым укуктарды “диктатордук” деп атап келишти. Премьер аларды вируска менен күрөшүү үчүн эмес, бийлигин бекемдөө үчүн пайдаланды деп сындашкан.

10 миллион калкы бар Венгрияда коронавируска 4 миңден ашуун киши чалдыккан, 560ка жакыны илдеттен көз жумган.

XS
SM
MD
LG