Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Бишкек мэриясы бир катар ишкерликке убактылуу тыюу салды


Бишкек мэриясы тараткан жарыядагы сүрөт.

Бишкек мэриясы шаардагы балдар үчүн батут, ижарага велосипед берүү жана жайма базарларга убактылуу тыюу салды. Баш калаанын бийлиги муну санитардык коопсуздук чаралары деп түшүндүрдү. Бул тууралуу мэриянын сайтында жарыяланды. Мэрия эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандар көбөйүүдө.

14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен.

Президент Сооронбай Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG